Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2019 13:22 На русском

«Мамы сынып, кошо кулаган»: Жумуш учурунда каза болгон электриктин өлүмүнүн жаңы жагдайлары. Окуя болгон жерден видео

Каза болгон Байыш Касымбек уулу
Каза болгон Байыш Касымбек уулу

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 23 жаштагы электрик Байыш Касымбек уулу электр мамысы менен кошо кулап каза болгондугун анын бир тууган бөлөсү Жакшылык Матанов аймактык кабарчыга билдирди.

Turmush басылмасы кечээ, 16-апрелде Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында электр чубалгыларын алмаштырып жаткан учурда райондук электр тармагынын 23 жаштагы жумушчусу электр мамысынан кулап кетип каза болгондугун жазган.

«Электр ишканасынын жумушчу тобу 15-апрель күнү саат 8:00 чамасында Жаңы-Талап айылына барышып, электр чубалгыларына тоскоол болуп жаткан бактарды кыйып жатышкан экен. Түшкү тамактануудан кийин болжол менен саат 14:00-14:30 чамасында жумуштарын улантышып, бөлөм Байыш электр мамысынын башына чыккан. Дагы бир жумушчу жанындагы экинчи электр мамысына чыкса, дагы бирөөсү электр чубалгысына тийип, тоскоолдук жаратып жаткан бактын үстүнө чыккан. Жумушчу топтун бригадири бактын үстүндөгү жумушчуга "бутакты кес" деген экен. Ошол учурда Байыш электр мамысынын үстүндө электр зымын кесип жатыптыр. Ал электр зымдарын электр мамысынан ажырата электе эле бактын бутагы кесилип, электр чубалгысына тийип, анын кесепетинен электр мамысы түбүнөн сынган. Мамынын үстүндө зымдарды ажыратып жаткан Байыш электр мамысы менен кошо жерге кулап түшүп, башына электр мамысынын чынысынын (айнек изолятор) сыныгы сайылып калган экен. Байыштын коопсуздук үчүн башына кийип жүрүүчү баш кийими дагы болгон эмес. Кыскасы, жумушчуларга жумуш учурунда коопсуздук эрежелери боюнча эч кандай түшүндүрүү, окутуу иштери электр ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн эмес. Муну ишти териштирип жаткан тергөөчүлөр дагы ырасташууда», - деди Ж.Матанов.

Анын айтымында, аталган электр ишканасынын жетекчилиги жумуш учурунда шалаакылык болгонун моюнга алышкан.

«Байыш үйдүн жалгыз эркек баласы. Эки карындашы бар. Тергөө учурунда РЭТтин башчысы жана бригадири кырсык шалаакылыктын айынан болгондугун моюндарына алышты. Алар "териштирүү иштеринен кийин сот кандай чечим чыгарса, биз макулбуз" деп айтышты. Ал эми тергөөчүлөр жумуш учурунда коопсуздук эрежелери так сакталган эмес дешти», - дейт тергөө иштерине катышкан Ж.Матанов.

Райондук электр тармагынын башчысы Таалайбек Турганбеков кырсык болгон учурда дароо милицияга кабарлашканын айтты.

«Эч нерсени жашырган жокпуз. Жакшылык Матанов менин кабинетимде Куртка участкасынын балдары менен сүйлөшкөн. Тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Тергөөчү кечээ балдардан түшүнүк кат алган. Биз ал процесске катышканга укугубуз жок. Эмне деп жазганын билбейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×