Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуНарын району 16.04.2019 16:51

Байгазактагы 3 мекеменин кызматкерлери футбол жана волейбол оюндарына түшүштү (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Байгазак айылындагы 3 мекеменин кызматкерлери арасында футбол жана волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын Мамбетакун Бекмуратов атындагы орто мектебинин директору Каныбек Бейшеев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке бала бакча, мектеп жана клубдун кызматкерлери катышкан. Жыйынтыгында балдар арасында өткөн футбол, волейбол боюнча мелдештен клуб кызматкерлери жеңүүчү аталса, ал эми айымдар арасындагы волейбол оюнунан бала бакчанын кызматкерлери жеңүүчү болушту.

«Биздин негизги максатыбыз кийинки муундарга үлгү болуу, ден соолукту чыңдоо жана карым-катнашты бекемдөө болуп эсептелет. Мындай иш-чараны ай сайын өткөрүп турууну пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×