Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуКочкор району 16.04.2019 16:29 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Н.Исмаилова окуучуларына мык кагып, жип менен сүрөт тартууну үйрөтүп жатат

Turmush -  Кочкор районунун И.Арабаев атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Исмаилова стринг-арт техникасын окуучуларга үйрөтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нурзат Исмаилова 15 жылдан бери И.Арабаев атындагы орто мектепте сүрөт тартуу жана технология сабагынан мугалим болуп иштеп келет. Ал 1 жылдан бери окуучуларга стринг арт (мык кагып, жип менен сүрөт тартуу) техникасын үйрөтүүдө.

«Мык кагып, жип менен сүрөт тартууну сыналгыдан көрүп калдым. Бул ыкма жагып, жасап көрдүм. Мугалим болуп иштегендиктен окуучулар кайталанма сабактан тажабасын деп, стринг арт техникасын үйрөтө баштадым. Окуучулар абдан кызыгып, көңүлдүү жасашат. Бул стринг-арт техникасы окуучуларды чыдамкай болууга, геометрия жана математика сабагын кошо үйрөтөт. Анткени мыктардын ортосу 1 см болушу шарт», - деди Нурзат Исмаилова.

Нурзат Исмаилованын жаңы эмгектерин сатып алууну каалагандар бар. Бирок ал кол эмгектерин сатыкка койгон эмес.

«Бул стринг-арт техникасы учурда Кыргызстанга жаңыдан гана жайылып келе жатат. Ал эми технология сабагында көп колдонула элек. Технология сабагынан жасалган буюмдарды көргөзмөгө коюп жатабыз. Нооруз майрамында мык кагылып, сүрөт тартылган картинаны сат деп сурашкан. Бирок мектепке жасагандыктан саткан жокмун. Эми буюртма бергендерге жасап берем деп жатам», - деди ал.

Нурзат Исмаилова сүрөт тартуудан ырахат алат. Студент кездеги тарткан сүрөттөрүн сактап, учурда окуучуларга көрсөтмө курал кылып колдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×