Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 16.04.2019 11:37 Жаңыланды: 11.05.2019 22:05

Жеңеке: Алыскы айылдагы фельдшер Г.Абдыкалыкова эмне жөнүндө кыялданат? (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 43 жаштагы тургуну Гүлүмкан Абдыкалыкова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1993-жылы орто мектепти аяктап, медициналык окуу жайдан акушер кесибине ээ болгон. Ал окууну аяктаган соң Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын тургуну Съездбек Турдуманбетовго турмушка чыккан.

«Жолдошум экөөбүз ата-энелерибиз аркылуу тааныштык. Себеби, алар мурунтан эле жакшы катышып жүрүшчү. Алар бизди тааныштырышып, экөөбүз бири-бирибизди жактырып калгандан кийин баш коштук. Ар бир эле ата-эне баласына жакшылык каалайт. Алар биздин бири-бирибизге дал келерибизди билип, таарыштырышса керек. Биз дагы бат эле тил табышып, үй-бүлө кургандан кийин дагы турмуштун кыйынчылыктарын бирге жеңип келе жатабыз», - дейт Г.Абдыкалыкова.

Анын айтымында, турмушка чыккандан бери айылдагы ФАПта фельдшер, эмчи айым болуп иштеп келет.

«Кесибим өзүмө жагат. Турмушка чыккандан бери айылдагы ФАПта фельдшер, эмчи айым болуп иштеп келем. Элеттин тургундары дагы сапаттуу медициналык тейлөөгө муктаж. Биз ФАПта түзүлгөн шартка ылайык айыл элине кызмат кылып келебиз. Ошентсе дагы келечекте айылда заманбап жабдуулары бар медициналык борбор ачылып, тургундар Бишкек шаарына барып убара болбостон, жеринде сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз болсо деп кыялданам. Бул дагы бара-бара ишке аша турчу максат деп ойлойм.

Жумуштан тышкары, кол өнөрчүлүк менен алектенем. Курак курайм, төшөктөрдүн түрүн тигем. Ошондой эле ар кандай китептерди окуйм. Жолдошум дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенет. Үлүш жерибизге буудай, арпа, картөшкө өсөт. Жакында эт, жүн, сүт иштетүү багытында цех ачууну пландап жатабыз.

Азыр жолдошум экөөбүз бир уул, 3 кызыбызды жогорку билимдүү кылып, алардын турмушта өз ордуларын табышына салым кошууга аракет кылуудабыз», - деди Гүлүмкан Абдыкалыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×