Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуКочкор району 15.04.2019 13:57 На русском

Россиядагы «бизнес-леди» Соодонбекова менен турист жигиттин Ысык-Көлдүн жээгинен башталган махабаты

Turmush -  Махабат Соодонбекова Россиянын Новосибирск шаарында жашап, соода тармагында чакан бизнесин түптөдү. Ал адам чыдагыс суукта манжалары тоңуп, кыймылдабай калган кезде Кыргызстанга кетип калууну эңсечү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Махабат Соодонбекова 1988-жылы 10-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылында төрөлгөн.

Өтө эле тың болуп өстүм

- Атам Ишенбек Соодонбеков карапайым үй-бүлөнүн кичүү баласы. Апам деле жөнөкөй жана көп балалуу үй-бүлөдөн болот. Мен алардын тун кызы болгондуктан өтө эле тың болуп чоңойдум. Кочкор районундагы Ишеналы Арабаев атындагы орто мектебин жалаң «5» деген баа менен аяктап, андан соң Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетинде билим алдым.

Чет өлкөгө сапар

- Чет өлкөгө болгон сапарым университеттен башталды. Төрт жыл катары менен Түркияга каттап иштедим. Анталья шаарындагы көп жылдыздуу мейманканалардын биринде информатор болуп эмгектенчүмүн. Эң акыркы жолу Бишкекке келе жатканда бир түрк аял менен таанышып калдым. Ошентип аны Кыргызстанга инвестор катары ээрчитип келип, курулуш тармагында көпкө чейин чогуу иштештик. Ошондо жеке ишкерликтин сырын үйрөнүп, өз алдымча бизнес баштоого кызыга баштадым.

Бактымды көл жээктен таптым

- 2016-жылы жайында Ысык-Көлдө дүкөн ачып иштетип жүрсөм, бир жигит келип, мени менен таанышып калды. Өзү казак улутунан экен. Бирок Россияда төрөлүп, ошол жерде өсүптүр. Экөөбүз 10 күндөй сүйлөшүп жүрдүк. Анын сапары аяктап, «эртең кетем» деген күнү кокусунан менин колумду сурап, ага турмушка чыгуумду сунуш кылды. Чынын айтсам мен да ал жигитти абдан жактырып калгам. Эч ойлонбостон «макул» дедим. Бир айдан кийин өзүнүн «делегациясы» менен келип, мени кыргыздын салты менен алып кетти.

Түркиядан товар ташыйм

- Ошондон бери Россиянын Новосибирск шаарында жашайбыз. Алгач аябай кыйын болду. Жергиликтүү элдин менталитетине араң көндүм. Мурда Түркияда эмгектенип жүргөндө элдин каада-салтына тез эле көнүп кеткем. Бирок азыр баары жакшы, кудайга шүгүр. Аталган шаардагы соода борборлордун бирине үй текстилин саткан дүкөн ачканбыз. Түркиядан товар алып келип сатам.

Учурда 1 кыз, 1 уулубуз бар. Эч нерседен кем эмеспиз, алты саныбыз аман. Эл катары иштеп жүрөбүз.

Мекенимди сагынганда…

- Мекенимди сагынбай анан... Өзгөчө аба ырайы -40… -45 болгондо, манжаларым тоңуп кыймылдабай калганда, «азыр билет алып, Кыргызстаныма дароо кетем» деп сүйлөнгөн күндөрүм болгон.

Кыргызстан жөнүндө эмне ойлоном? Чын айтсам, социалдык баракчамды ачкым келбей кетет. Анткени жакшы жаңылык жазган киши жок. Саясатынан баштап бала бакчадагы тарбиячыларына чейин эле жүрөктү ооруткан жаңылыктар. Ойлогондо ошолорду эле ойлойм. Кыргызстаным тынчтыкта, жакшы жашоодо жашаса деп кыялданам.

Келечекте...

- Келечектеги максатым — кызым менен уулубузга татыктуу тарбия берип чоңойтсок дейм. Уулумду Испаниядагы спорт мектебинде окутуп, футболчу кылсак деген аруу тилегибиз бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×