Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 15.04.2019 12:29 На русском

Айыл турмушу: Ат-башылык Ж.Алапбаев тоолуктар үчүн эт кескен станок жасады (сүрөт)

Turmush -  Ат-башылык Жоодар Алапбаев эт кескен станок жасады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ат-Башы районунун Бирлик айылынын тургуну Жоодар Алапбаев интернеттен ар кандай идеяларды чогултуп, эт кескен станокту жасап бүтүргөн.

«Интернеттен карап отуруп, идеяларды алып, эт кескен станок жасадык. Ат-Башы району мал киндиктүү болгондуктан бул станок керек. Бир станокту жасоого 8000 сом каражат сарпталды. Азыр ушул буюмду сатыкка коюп жатам. Баасы 15 000 сом. Андан да түшүп берейин деп жатам. Үйдөн эт кесип жатабыз. Салмагы 30 килограммга жетпейт. Бул биринчиси, элдер сураса дагы жасайбыз. Материал катары темир, советтик мотор колдонулду.

Мен бош убакытта өз алдымча ар кандай буюмдарды жасайм. Мисалы, зым түйгөн станок, тактай тилген циркулярка, темир кыстыргыч, усталарга, трактористтерге керектүү буюмдарды жасайм», - деди ал.

Жоодар Алапбаев Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында 1983-жылы туулган. Кесиби куруучу. Бирок айылда мал чарбачылыгы менен алектенет.

Үй-бүлөлүү, 2 уулу, 1 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×