Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 15.04.2019 09:10

Нарын шаарында парктар маршы акциясы уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында парктар маршы акциясы өтүп, карагайлардын жаңы көчөттөрү отургузулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, акциянын алкагында «Тянь-Шань» паркында Тянь-Шань карагайынын, мырза теректердин жана клёндун (далдагай жалбырактуу жыгачтын бир түрү) отузга чукул көчөттөрү отургузулган.

Акцияга В.П.Чкалов атындагы №2 орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары активдүү катышып, көчөттөрдү отургузууга көмөк көрсөтүштү. Иш-чараны «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркы уюштуруп, жаңы көчөттөрдү даярдап беришкен.

Акциянын максаты — айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×