Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусу, Нарын 13.04.2019 09:47 На русском

Нарында стол үстүндөгү теннис боюнча ачык биринчилик өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы кыз-келиндер жана мырзалар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча Нарын шаарынын ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, ага жер-жерлерден келген 50гө жакын спортчу катышты. Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында 1-орунду Досумбекова Үмүт, 2-орунду Жусупова Канышай, 3-орунду Надырбекова Толгонай ээледи. Ал эми мырзалар арасында 1-орунду Бейшенбеков Жайнак, 2-орунду Кудайбердиев Урмат, 3-орунду Жапаров Айбек камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы диплому, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×