Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусу, Нарын 12.04.2019 17:25 На русском

Нарында айрым тургундар Ө.Бабановдун келишине карата митинг уюштурууга каршы чыгышты (видео)

Нарын шаары
Нарын шаары

Turmush -  Нарын шаарынын айрым тургундары Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча митинг уюштурууга каршы чыгышты. Алар саясатчыдан тынч келүүнү суранышты. Бул тууралуу 10го чукул жергиликтүү тургун бүгүн, 12-апрель күнү АКИpress-Нарында өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Алардын бири Турдубүбү Мусакожоева элди митинг уюштурбоого чакырган.

«Өмүрбек Бабанов, сиз шайлоодо жеңилип, тынч жол менен чет өлкөгө кеткенсиз. Эми Кыргызстанга тынч келүүңүздү суранабыз. Митинг уюштуруп пайда таппайбыз», - деди Нарын шаарынын тургуну Т.Мусакожоева.

Кыргызстан аскерлеринин Нарын облусундагы ардагерлер комитетинин төрагасы, подполковник Төлөбек Арыкбаев Ө.Бабановдун күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот чечерин билдирди.

«Өмүрбек Бабановдун күнөөсү болсо жооп берсин. Күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот чечет. Элге тынчтык керек», - деди ал.

«Маалымат жыйын уюштуруп жатканыбыздын себеби — Кыргызстанда интернетте тарап жаткан Ө.Бабановдун келиши тууралуу маалыматтарды угуп, биз дагы өз пикирибизди билдирип коёлу дедик. Митинг уюштурбай, тынч жол менен келишин каалайт элем», - деди Нарын шаарынын тургуну, Апрель элдик революциясынын баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Маалымат жыйындын катышуучулары элди митингдерден оолак болууга, сабырдуу болууга чакырышты. Алар карапайым калк үчүн митингдер кедергисин тийгизип калышы мүмкүн экенин билдиришти. Ал эми Ө.Бабановдун келишин колдогондор жалпы элдин атынан сүйлөөгө укуктары жок экенин эскертишти.

Буга чейин Нарын облусундагы Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун жана Нарын шаарындагы айрым жашоочулар Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келишин колдоп 8-апрель күнү АКИpress-Нарында маалымат жыйын уюштурушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×