Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусу, Нарын 12.04.2019 12:07 На русском

Нарында эки банкоматты талкалап кетишти (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында эки банкоматты талкалап кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя 11-апрелден 12-апрелге караган түнү болгон. Бир банкомат Чаначев менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Бакай Банк» ААКтын филиалына тийиштүү болсо, экинчи банкомат Ленин жана Ж.Тынымсейитова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «KICB» банкына тийиштүү болгон.

Бул окуяны Нарын ОИИБдин басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова тастыктап, учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×