Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 12.04.2019 10:51

Ат-Башы райондук балдарга билим берүү бөлүмү чоң залга муктаж (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы райондук Кубанычбек Кожоев атындагы балдарга билим берүү бөлүмү маданий, майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн чоң залга муктаж. Бул тууралуу борбордун директору Жыпар Усубалиева билдирди.

Анын айтымында, бул маселе көптөн бери чечилбей келет.

«Азыр биз Керимбаев мектебинин балансында турган мекемеде жайгашканбыз. Анда болгону 6 класстык бөлмө бар, чоң залыбыз жок. Бул маселе боюнча кайрымдуулук уюмдарга кайрылып жатабыз. Биз чыгармачыл борбор болгондон кийин сөзсүз түрдө чоң зал керек. Чоң классты бий залы кылганбыз, бирок талапка толук жооп бербейт. Өкмөткө деле кайрылып жатабыз. Ата-энелер дагы майрамдык кечелер болгондо бөлмө тар экендигин айтып жатышат», - деди ал.

Аталган борбордо 15 ийримде 359 окуучуга билим берилип, 15 мугалим, жалпы 19 кызматкер эмгектенет. Мугалимдердин орточо айлыгы 8000 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×