Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 12.04.2019 09:36

Бирликтеги социалдык объектилер айылдын четине курулуп калган, - жашоочу

Turmush -  Ат-Башынын Бирлик айылындагы бала бакча, мектеп жана ФАПтын имараты айылдын четинде жайгашып, жашоочулар жол жүрүүгө көп убактысын коротуп жатышат. Бул социалдык объектилер көпчүлүккө алыс, деп билдирди аймактык кабарчыга аталган айылдын тургуну Кайыргүл Бегимбаева.

Ал 3 баланын апасы. Улуу баласы мектепке барса, ортончусу бала бакчага барышы керек болчу. Бирок бала бакча алыс болгондуктан жеткирип бара албайт.

«Бизде жол көйгөйү да бар. Жолду жакшылап жасап, тротуар куруп койсок балдар басып, велосипед менен жүрүшмөк. Окуучулар борбордук жол менен эле каттап, кышкысын окуудан караңгыда кайтышат. Ата-энелер коркобуз.

Бала бакчага баруу да көпчүлүккө кыйын, анткени имарат айылдын чет жагында. Биз көчүп келгенибизге 2 жыл болду. Андан бери жолду оңдоо иштери жүрдү, бирок жарытарлык эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×