Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуКочкор району 11.04.2019 18:17

Кочкордо дамба курулуп, 450 күмбөз суудан корголду (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Сөөк суусуна 150 метр узундуктагы дамба курулду. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талант Мамбеталиев аймактык кабарчыга билдирген.

«Дамба куруу демилгеси айылдагы көрүстөндү суудан коргоо максатында көтөрүлгөн. Куруу иштери 31-март​ күнү башталып, айыл тургундарынын жардамы менен габион торчолоруна таштар ташылды. Ал эми дамбаны курууда 1 жүктөгүч, 1 экскаватор пайдаланылып, суунун нугу бурулду», - деди Талант Мамбеталиев.

Дамба куруу иштерине​ айыл тургундарынан 60 адам катышкан. Бул иштер 7-апрель күнү толугу менен аяктап, натыйжада айылдагы 450 күмбөздү суу каптоо коркунучу жоюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×