Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуНарын району 11.04.2019 08:20

Нарындык Алмазбек Жапаралиевди апасы 3 жылдан бери издеп келет (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун 1987-жылы туулган тургуну Жапаралиев Алмазбек Асанович 3 жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын апасы Айгүл Акматова билдирди.

Анын айтымында, уулу 2016-жылы Бишкекке иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз болгон.

«Уулум чоң атасынын колунда тарбияланган. Үйлөнгөндөн кийин өз атасынын колуна келген. Бир балалуу болуп, ал 1 жаштан өткөндөн кийин келинчеги экөө ажырашып кетишти. Неберем биздин колубузда. 2013-жылдан 2016-жылга чейин телефон аркылуу суйлөшүп турчу. Акыркы жолу Бишкек шаарындагы автобекеттен Нарынга чыгып жатам деп байланышкан. Ошол бойдон дайынсыз», - дейт энеси.

Алмазбек Жапаралиевди көргөндөр болсо 0704322397 (апасы Айгүл) номуру аркылуу байланышса болот.

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×