Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуНарын району 10.04.2019 11:55

Нарын районун өнүктүрүүгө салым кошкондор «Ардактуу атуул» болушту (тизме)

Turmush -  Нарын районунун акими Семетей Черикбаев райондун экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө салымын кошкон тургундар менен жолугушту. Жолугушууда алардын эмгегине жогору баа берип, сыйлыкка ээ болгону менен куттуктады. Андан соң райондун «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон жашоочуларга сертификат менен төш белгини тапшырды.

Сыйлангандардын арасында ар тармактын өүлдөрү бар, деп билдирди райадминистрациянын аппарат жетекчиси Жыпара Жээналиева.

«Ардактуу атуул» наамын алгандар:

- Жумабекова Шекер Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы;

- Кырбашев Бергенша М.Баетов атындагы маданият үйүнүн хормейстери;

- Жумалиев Аскербек райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери;

- Бекбоев Тынчтык Жан-Булак айылдык кеңешинин төрагасы;

- Талипова Саламат Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

- Жумакадыров Асмат Миң-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы;

- Рыскелдиев Каныбек Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×