Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 10.04.2019 11:38 На русском

Казак элчиси региондогу иш сапарын Нарындан баштады

Turmush -  Нарын шаарына Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Көкрекбаев жана анын биринчи орун басары Нурлан Ешкеев келди. Иш сапардын алкагында райондук администрациянын жетекчилери, жеке ишкерлер жана өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушканын аймактык кабарчы билдирди.

Меймандар менен облуска кандай инвестиция тартууга боло турганы талкууланып, бизнес долбоорлор көрсөтүлдү.

К.Көкрекбаев Кыргызстандын региондорунан биринчи Нарын жергесине келгенин айтып, Нарын облусунан өндүрүлгөн эт, картошка, бал азыктары экологиялык жактан таза боло турганын белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×