Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуКочкор району 09.04.2019 08:24 На русском

Эгиздер: Умар менен Усмандын ата-энеси алардын эгиз экендигин укканда ыйлап жиберген (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Молдо Кылыч айылынын 35 жаштагы тургуну Жоробек Ибраимов — 4 жаштагы эгиздер Умар жана Усман Исаевдердин атасы. Ал аймактык кабарчыга уулдары жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, кайын энеси эгиз төрөгөн.

«Биринчи жолу УЗИден «эгиз экен» деп укканда келинчегим экөөбүз тең сүйүнгөнүбүздөн ыйлап жибергенбиз. Умар 3 кг 150 г, Усман 2 кг 950 г болуп төрөлдү. Умар улуусу, Усман кичүүсү. Ортолору 15 мүнөт. Аттарын таятасы койгон. Кичине кезинде эгиз балдарды баккан кыйын эле. Өзүмдүн апам жардам берип, келинчегим болуп үчөөлөп бакканбыз.

Умар ак көңүл, тентек, шамдагай. Усман жоош, бирок айтканынан кайтпайт. Умар сары, Усман кара тору болуп, экөө бири-биринен айырмаланып турат. Бала бакчадан экөө бири-бирине болушат. Үйгө келгенде бирөөсүн урушсак, экинчиси бизди уруп кетет. Усман унааларга кызыгат. Умар мультфильмдердин баарын калтырбай кызыгып көрөт. Экөө бирин-бири издеп турат. Экөөнү ушул убакка чейин бөлүп көрө элекпиз. Бирөө жок болсо экинчиси эшикке да чыкпайт. Жаңы төрөлгөн кезинде кимисине сүт бергенибизди унутуп калчубуз.

Бир жолу айылга барганбыз. Чай ичип жатып экөөнү таппай калдык. Эшиктен карасак экөө казандагы сууга түшүп алып, жыргап ойноп жатышыптыр.

Балдарым аман-эсен чоңоюп элине, жерине кызмат кылган инсандардан болсун деп тилейм», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×