Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.04.2019 18:44

Элет көйгөйү: Баетов айылы жана анын суу курулмасы таштандыга толдубу? (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы суу курулмасы азыркыга чейин толук кандуу тосулган эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын региондор аралык экотехинспекциясынын башкы инспектору Батырбек Сагыналиев билдирди.

Анын айтымында, жер-жерлердеги суу курулмалары толук кандуу тосулуп, ал жерге күзөтчү коюлуусу шарт.

«Биз ар бир аймактардагы айыл тургундарынын канчасы таза суу менен камсыз болгондугун жана анын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алып, аны менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бүгүнкү күндө Баетов айылындагы 1-суу курулмасы толук кандуу корулган эмес жана ичи ар кандай таштандыга толуп калган. Эгер суу курулмалары мындай абалда болсо, анда жалпы айыл тургундарына чоң көйгөй жаралат. Себеби бул жерге бирөө келип, сууга ар кандай терс таасир тийгизүүчү дары салып кетсе, анда бүт айыл тургундары ууланышы мүмкүн. Ошону менен бирге күн нуру менен суу чыгаруучу аппаратты сындырып кетиши ыктымал. Бул суу курулмасы 2 жылдан бери ушундай абалда. Биз буга чейин аталган айылдын айыл өкмөтүнө "айланасы бекем тосулсун, кайтарылсын, түнкүсүн жарык берилсин" деп кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Ошондуктан ар бир айыл өкмөт өздөрүнө тиешелүү суу курулмаларын көзөмөлгө алып, айланасын толук кандуу тостуруп, кароолчу коюусу абзел», - деди Б.Сагыналиев.

Аталган айылдын суу курулмасы гана корулбастан, айылдын батыш тарабында жайгашкан таштанды таштоочу жайдын дагы айланасы тосулган эмес. Бул тууралуу Нарын региондор аралык экотехинспекциясынын улук инспектору Эдил Калпаев билдирди.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай айылдын ичинде таштандыларды төгүүчү жай бар. Негизи таштандыларды таштоочу жай айылдын четинде жайгашкан. Бирок айыл тургундары ал жакка таштандыларды төгүшпөйт. Негизи таштандыларды айылдан 2 км алыс аралыктагы жерге төгүш керек. Бул жерге айыл тургундары ар кандай таштандыларды төгүп келгендиктен, аларга дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. "Кимде ким бул жерге таштанды төксө, бизге сүрөткө тартып жөнөтүңүздөр. Биз аларга чара көрүп, айып пул салабыз" деп айтканбыз. Тургундар таштанды төгүп жатса, жок дегенде айыл өкмөтү ал жердин айланасын тосуп, көзөмөлгө алыш керек», - деди ал.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Талантбек Турусбеков айтылган дооматтарды четке какты.

«Айылыбыздагы суу курулмасы иштебейт. Себеби жер алдындагы суу түтүктөрү жарылып, эскилиги жеткен. "Суу ысырап болуп жатат" деп айта албайм. Анткени ал жактагы күндүн нуру менен суу чыгарган аппарат бар үчүн, суу күн тийип турганда эле чыгат. Тегерек чети тосулган жана аны көзөмөлдөй турган киши дайындалган. Ал эми айыл ичинде төгүлүп жаткан таштанды боюнча аракеттерди көрө баштадык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×