Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусу, Нарын 08.04.2019 18:39 На русском

Нарындагы айрым жашоочулар Ө.Бабанов мекенине кайтып келиши керектигин айтып чыгышты (видео)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун жана Нарын шаарындагы айрым жашоочулар Өмүрбек Бабановдун мекенине кайтышы боюнча бүгүн, 8-апрелде АКИpress – Нарында өткөн маалымат жыйында өз ойлорун билдиришти.

Жашоочулардын бири Баатырбек Жээналиевдин айтымында, шайлоо өткөнүнө эки жылга жакындап калды.

«Ө.Бабанов президенттик шайлоодо уткан адамды куттуктап, баш аламандык болбосун деп мыйзамды сыйлаган адам катары Кыргызстандан кеткен. Биз Бабановду колдоп, ал келип, кыргыз эли үчүн кызмат кылсын деп чогулуп жатабыз», - деди.

Ал эми жергиликтүү тургун Элзат Саяк кызынын айтымында, учурда Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет булактары аркылуу кабардар болуп жатышат. Анын пикиринде, Ө.Бабанов өз мекенине кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошушу керек.

Ошондой эле жыйынга келген жаш активисттер саясатчы аймактардагы дыйкандарга шарт түзүп, жеңилдетилген насыя берип келгенин, бир канча мамлекетке визасыз каттоого шарт түзгөнүн белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×