Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.04.2019 18:25

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында Апрель революциясынын баатыры Акылбек Ажыманбетовду эскеришти (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында Апрель революциясынын баатыры Акылбек Ажыманбетовду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу айыл тургуну Анара Нусупова билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Акылбек Ажыманбетовго арналып тургузулган эстеликтин астында өткөрүлдү. Ага багышталып куран окулуп, эрдиги жөнүндө баяндама жасалып, эстелигине гүлчамбар коюлду. Андан сырткары достору А.Ажыманбетовдун жаркын элесине арналып волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ажыманбетов Акылбек Жаныбекович 1984-жылы 29-сентябрда Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган. 2010-жылы 7-апрелде 26 жаш курагында окко учуп каза болгон. Маркум каза болгон учурда үйлөнө элек болчу. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн айылына коюлуп, айылдын борбордук көчөсүнө айкели орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×