Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.04.2019 18:12

Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылында улуттук ат оюндар боюнча мелдештер өттү (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата бир катар улуттук ат оюндар боюнча мелдештер өттү.

Уюштуруучулардын бири Тимур Токторбек уулунун айтымында, ат оюндарына Нарын, Ысык-Көл облустарынын бир катар райондорунан келген спортчулар катышты.

«Бул оюнга Марлен Ашырбаев 50 миң сомдук кызыктыруучу сыйлыктарды коюп берди. Андан сырткары оюнга катышкан тай, кунан, жорго жана аламан жарышка катышкандардан чогулган төлөм акы байге фондун түздү. Иш-чаранын жүрүшүндө Элдик революция күнү каза болгон маркумдарга багышталып куран окулду. 21-март Улуу Нооруз күнүнө карата республикалык деңгээлде өткөрүлгөн көк бөрү оюнунда байгелүү орунду багындырган Ак-Талаа районунун «Соң-Көл» командасына Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жана «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды», - деди ал.

Ат оюндарынын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык жана баалуу байгелер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×