Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуКочкор району 08.04.2019 16:17

Кочкордо тургундун короосу коңшусунун айынан өрттөндү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын тургуну Кенжебек Раматовдун короосунан өрт чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, К.Раматовдун кошунасынын баласы чарбагын тазалап, таштандыларды кошунасынын бастырмасына жакын жерде өрттөгөн. Оттон чыккан учкун К.Раматовдун бастырмасынын үстүндөгү чөпкө түшүп, өрт чыккан.

Натыйжада бастырманын үстүндөгү чөп өрттөнүп, жыгач устундар күйүп кеткен. Бастырманын алдында сакталган курулуш каражаттары, боз үйдүн жабуулары күйүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×