Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуЖумгал району 08.04.2019 15:10

«Ат сарайдан айырмасы жок»: Жумгалда мектептин курулушу 2 жылдан бери бүтпөй келет (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында 2016-жылдан бери курулуп жаткан 275 орундуу Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектеби 2 жылдан бери пайдаланууга берилбей, 600 окуучу чатыры тешик эски мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Алардын айтымында, мектеп 2017-жылы эле күзүндө курулуп бүтүп, ишке берилмек. Өкмөттүн тапшырмасы, долбоордун мөөнөтү ушундай болгон. Бирок 2 жыл өтсө да мектеп пайдаланууга берилбей келет.

«Өкмөттөн мектепти курууга жалпы 68 млн сом каралган. Анын учурда 66 млн сому толук которулуп берилген. Бирок тилекке каршы учурда 2 млн сому калган, ошону которушса бүтөт деген куру шылтоолор менен элди алдап келишет. Мектеп сапатсыз курулуп, аны комиссия да текшерип келет. Анын корутундусу азырынча чыга элек. Мектепке президенттик шайлоонун алдында президентибиз С.Жээнбеков келип, өзү көрүп, мектеп ошол жылы эле толук бүтүп, пайдаланууга берилет деп кеткен. Бирок, ал убада аткарылган жок. Азыр балдар, неберелерибиз ат сарайдан айырмасы жок мектепте тыгылып окуп жатышат», - деди пенсионер Жумакан Турсунбаева.

Мектептин окуу тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Улан Эсенгелдиевдин айтымында, 1 үстөлгө 2 окуучу, 1 партага 3-4 бала отуруп сабак окушат.

«Канча жылдан бери жасап, шыбап келсек деле эски мектебибиз жарабай калды. Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе жакшы болмок. Азыр эки корпуста окуп жатабыз. Үч корпус болчу анын бирин бала бакчага беришкен. Ар бир класста 30дан бала бар, парталар сынган, эски, отургучтар жетишпей, бир үстөлгө экиден окуучу отурушат, бир пардага 3-4 окуучу отурат. Пайдубалы чөгүп кеткен, терезелери сынып, чатырынан тамчы тамат. Жыл сайын жакында бүтөрүн айтышат, бирок аягына чыкпай келет. Көп эле комиссия келип, текшерип кетип жатышат. Жаңы мектеп бүтүп, пайдаланууга берилсе болмок», - деди ал.

Ал эми мектепти куруп жаткан ЖЧКнын өкүлдөрүнөн маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×