Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуАк-Талаа району 05.04.2019 16:43

«Сталиндин иттери», 44 жыл сүйүктүүсүн күткөн аял… 6 баласынан айрылган Жеңиш апанын эскерүүсү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 76 жаштагы тургуну Жеңиш Мураталиева башынан өткөн оор күндөрдү аймактык кабарчыга айтып берди.

Жеңиш апа Улуу Ата Мекендик согуш болуп жаткан мезгилде — 1943-жылы 7-мартта туулган. Турмуш шартка байланыштуу орто мектепти толук окуп бүтпөстөн райгезитке ишке орношуп, арип терип иштеген. Кийин колхоздун ар кандай иштеринде иштеген. 19 жашында турмушка чыгып, 13 бала төрөгөн. Бирок 6 баласынан айрылып, 7 баланы өстүрдү.

Атасынан төрөлөрүнө бир ай калганда ажырап калган Жеңиш апа төмөнкүлөрдү берди.

«Мен төрөлөрүмө бир ай калганда же тактап айтканда 1943-жылдын февраль айында атам Муратаалы Сасыкулов согушка аттанып кетет. 1945-жылы Чехословакиянын бир шаарын душмандардан бошотуп алуу учурундагы согушта дайынсыз жоголду деген кагаз келген экен. Ошентип атамды таптакыр көргөн жокмун. Апам байкуш согуштан кийинки жылдары дагы атамды аябай күтүп жүрдү. 1987-жылы гана атамдын согушта өлгөндүгүн тастыктаган кагаз келди. Ошондон кийин гана үмүтүн үздү. Ошентип абышкасынан 27 жашында чиедей 4 баласы менен жесир калган Рахима Толтоева — апам байкуш эч кимге баш кошпой 44 жыл күттү. Балалык күндөрүм согуштан кийинки катаал мезгилде өттү. 1962-жылы гана жашоо-турмуш оңоло баштады.

4 бир тууган элек. Тилекке каршы ошол оор жылдары 3 бир тууганымдан айрылып, жалгыз гана мен калдым. Ал учурда пенсия деген жок. Апамды багыш керек болду. Мектепти бүтпөй эле редакцияга кирип иштеп калдым. 19 жашымда жолдошум Жумадилге турмушка чыгып, 13 бала төрөп, 7 баланы аман-эсен багып чоңойттум. Калган балдардан айрылып калдык», - деди Жеңиш апа.

Редакцияда арип терип иштеп жүрүп кыйналган, ыйлаган күндөрүн дагы эске салып айтып берди.

«Редакциянын басмаканасында иштеп жүргөн кездери биздин экинчи атыбыз — арипчи эле. Ар бир арипти (тамга) шибеге менен терип, жипке тизип, макаланын текстин курачубуз. Эсимде, бир жолу гезиттин бир бетке болгон жазуусун терип бүтүп, кайра арасын тууралап жатып ариптерди чачып алдым. Канча деген көз майымды агызып, мээнеттенип, арип терген убаракерчилигиме ызаланып ыйлап жибердим. Мени көргөн устатым Зейнекан Мамырбаева "сабырдуу бол алтыным, убакыт жетиштүү. Кел, жардам берейин" деп өзүнүкүн бүтүп коюп, мага жардам берген. Болбосо, күндүз бүтпөй калган ишти түндөп иштеп бүтүргөнгө туура келчү. Машинкалар шарактап иштеп, сасык май жыттанып турчу. Эскилиги жеткен жапыз имаратта иштечүбүз. Ичи сыз, ар жердеги жыгач полдун үстүндө 8 саат бою тикеден-тике туруп алып иштечүбүз. Кээде 12 саат иштегенге туура келчү. Ал учурда мезгил катаал, талап катуу эле да. Гезитте бир тамгадан ката кетип калса жумуштан кетирип, жетекчилерине сөгүш берилип, айрымдарды каматып дагы жиберишчү.

Бир жолу Исхак деген кесиптешибиз "Сталиндин иштери" деп макала жазат. Бирок ал макалада бир тамгадан эле ката кетип, "Сталиндин иттери" деп жазылып калып жумуштан айдалып, жетекчилер сөгүш алган. Ал кезде үйдөгү жокчулукту ойлобой, бир гана жумуш деп турчубуз», - деди Жеңиш апа.

Жеңиш апа абышкасы Жумадил колхоздо тракторист болуп иштеп, алдына эч кимди чыгарбай эмгек кылды дейт.

«Абышкам аскерден келгенден кийин Токмоктон тракторист-машинист кесибин окуду. Андан кийин Данов колхозунда иштеп калды. Трактор, комбайн айдады. Тоют камдоо, жыйноодо көп эмгек жасады. Ал кезде "Стогометатель" деген тумшуктуу трактор айдады. Бул жери Кош-Дөбө айылына чейин, тиги жери Жогорку-Май айылына чейин барып, үйүлгөн чөптөрдү жыйып, колхозчуларга жеңилдик жаратчу. Район боюнча миңдеген тонна чөп жыйналчу эле. Аталган трактордон бирөө болчу. Күнү-түнү дебей колхоз үчүн эмгек кылып, үй бетин көрбөй, бала-чаканы деле багууга убакыт болгон жок. Балдар бирин-бири өздөрү эле карап чоңоюшту. Ата-эне мээримин көрүшкөн деле жок. Тийиштүү жумушубуздан сырткары дагы колхоздун эмне деген гана иштерине иштебедик», - деди Жеңиш апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×