Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.04.2019 16:07

Ак-Талаада дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип, волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, райондун спорт инструктору, райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү тармагынын кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган волейбол мелдешине билим берүү тармагындагы эркек мугалимдер катышты.

Мелдешке райондук билим берүү тармагынын кесиптик бирлиги тарабынан 7 миң сом байге фонду коюлду. Анын жыйынтыгында 1-орунду Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин мугалимдери жеңип алып, кубок, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты. Ал эми 2-орунду Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин мугалимдери, 3-орунду Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин мугалимдери камсыздашып, акчалай сыйлык, баалуу белек жана диплом менен сыйланышты.

Андан сырткары, Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын, райадминистрациянын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен бир катар кесип ээлери сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×