Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуКочкор району 05.04.2019 09:31 На русском

Жерди картошкадай казып, доллар тапкандар: Кочкордо эндик жүктөп бараткан тургун кармалды

Turmush -  Кочкор районунда эндик чөбүнүн 520 түп тамырын жүктөп бара жаткан унаа токтотулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Жумгал жана Кочкор райондорундагы башкы инспектору Рысбек Суранчиев билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 4-апрелде болжол менен саат 21:00 чамасында Кочкор районунун Сүттүү-Булак аймагында «Ауди» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда унаанын ичинен 2 капка салынган чөптүн тамыры жана чөптү казуучу куралдар табылган. Унаа Кочкор РИИБге жеткирилип, 2 каптагы чөп эндемикалык өсүмдүктөрдүн түрүнө кирген эндиктин тамырлары болгондугу аныкталган.

«Унааны башкарып келе жаткан жаран — Көк-Жар айылынын 1971-жылы туулган тургуну К.Майрамбек болгон. Учурда бардык документтер толтурулуп, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп жатат. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы наркы болжол менен 156 000 сомду түзүүдө. Бул эндик чөбүнүн тамырын чогултууга же казып сатууга тыюу салынган.

Эндик чөбүн казып жатышат, 1 тамыры 300 сомдон сатылууда деген маалыматтар бар болчу. Анын негизинде атайын рейд жүргүзүлгөн», - деди ал.

--------------------------------------------------------------------------------

Кочкор районунун тоо этектеринде өскөн эндик чөптөр казылып сатылып жатканын Мантыш айылынын тургундары Каныбек Абыкалыев, Тынчтык Асанбековдор билдиришкен болчу.

«Эндик чөбү Кызыл китепке кирген. Картошка казгандай казып кетишиптир. Бул көрүнүштү ушундайда тыялы. Башкасы бүтүп, сатканга чөптүн тамыры калдыбы? Айыл башчыбыз бар, Жайлоо аттуу бала. Элге түшүндүр, көзөмөлдө деп айтып жатабыз. Экологдор, айыл өкмөтүнөн, райондук бийликтен, органдардан өкүлдөр келип, тыюу салынышы керек», - деген К.Абыкалыев.

Ал эми Тынчтык Асанбеков бул көрүнүш улана берсе тоолор чөлгө айланып, жайыттар талкаланып калышы мүмкүн дейт.

«Эндик чөбүн болбогон акчага алданып казып жатышат. Буларга чара көрүлүшү керек. Жайыттын баары өлүп жатат. Минтип каза берсек чөлгө айланып калабыз. Канчалаган чөптүн баарына доо кетирип жатабыз. Улуу Ч.Айтматов айткандай эле "маңкуртчулук" заман болуп жатат. Түнү менен казып жатышат. Тоонун этектери талкаланып калды», - деди Т.Ысаев.

Айрым маалыматтарга караганда, эндик чөбүнүн тамырынын килограммы 6 доллар болууда.

Буга чейин Кочкор районунда эндик аттуу чөптүн тамырын издегендер тоодогу жайыттарды, талааларды казып жатышкандыгын Кара-Күңгөй айылынын жашоочулары да билдиришкен.

Айыл тургундарынын айтымында, бул көрүнүштүн кесепетинен аталган чөп жоголуп, ал тургай жанында өскөн чөптөр да казылып, жаратылыш жабыркап, жайыттар эрозияга учурашы мүмкүн.

«Эндик чөбүнүн тамырынын килограммы 450 сомду түзөт экен. Көл менен чектешкен Кара-Тоо деген тоо бар. Ошол тоого келгендер жайыттарды казып жатышыптыр. Бул тоо Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылына тиешелүү. Мындай иштер улана берсе бир кезде кызыл колтук бакалар жоголгон сыяктуу бул чөптүн түрү, аны менен кошо жанаша өскөн чөптөр жоголуп кетиши ыктымал. Ошондуктан экологдор, жайыт комитеттери азыртадан чара көрүшү керек», - деп билдиришти тургундар.

6fc0c7d2058e87f23b60f265bd8d

Кыргыздар эзелтеден эле эндиктин куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары колдонушкан. Бетине кам көрбөгөн кыздарга «Эндик көргөн бет эмес, эне көргөн кыз эмес» деп баа беришкен.

1621cc190eeac2f472fa3a08e1e3

Эндик көп жылдык катуу, түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу болот. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да көп. Гүлү тыгыз жайгашып, топ-топ болот. Гүл коргону беш бөлүктүү, жедекчеси түтүкчөлүү. Мөмөсү — жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү болсо, анын үчөө Кыргызстанда өсөт. Боёочу эндик республиканын тоолорунун таштак беттеринде, аска-зоолордун жаракаларында кенен таралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×