Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 04.04.2019 14:14

Элдик уламыш: Азыр да кишинин сөөгү чыгып турган Жумгалдагы Шаңкай айылы жана Жетим менен Бок көчөсү

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында дөңдө жайгашкан Шаңкай айылы кантип аталып калган? Аймактык кабарчы аталган суроого жооп издеп көрдү.

Шаңкай айылы аталган айыл өкмөттүн карамагында, бирок талаа түстөгү дөңсөдө орун алган. Учурда жүздөн ашык түтүн эл жашайт.

«Өзүнүн аты Майда-Дөбө (Шаңкай). Илгери ушул дөбөдө кытайлар менен согуш болгон деген имиштер бар. Айылда майда дөбөчөлөр көп. Божомолдор боюнча калмактын сөөктөрү коюлган жерлер деп да айтып жүрүшөт. Кишинин сөөктөрү чыккандыктан жер казып, үй салгандар бул жерди калмактын мүрзөлөрү дешет», - деди жергиликтүү жашоочу Мырзабек Кожеков.

Шаңкай айылы төмөнкү айылдардан 10-15 метр бийикте турат. Мындан улам бул жакта мээлүүн шамал болуп турат.

«Жерден сөөктөр чыгат. Аны изилдеген деле киши жок. Ал сөөктөр калмактыкыбы же башканыкыбы белгисиз. Менин билишимче мурда бак-дарактар, суу, үйлөр дагы жок болгон. Бара-бара отурукташкандар көбөйүп, бул жерди Кытайдагы Шаңкайдай шаар болсун деп Шаңкай атап алышкан. Ошол бойдон эле Шаңкай айылы деп аталып келет», - дешет жергиликтүүлөр.

Ал эми айылдын түштүк жагында жайгашкан Жетим айылы жылгыз бир көчөдөн турат. Ошондуктан жергиликтүүлөр бул жерди Жетим айылы деп коюшкан.

Кээ бир уламыштарда бул айылда жетим балдар көп болгондуктан Жетим айылы деп аталып калган дешет. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүндө Жооруп деген дагы бир айылча бар. Эмне үчүн Жооруп аталып калгандыгын эч ким билбейт.

Андан тышкары Кызыл-Жылдыз айылынан орун алган 3 көчөнү тургундар Бок, Чолок, Чоң көчө деп атап алышкан. Элдик уламыштарда Бок көчөдө мал көп болуп, көчөгө малдын кыгы толуп турган. Ал эми Чолок көчөдө кыска көчөлөр орун алган. Ошондуктан бул көчөнү Чолок деп аташкан. Кээ бир тургундар бул көчөдө чолок жана буту жок адамдар көп жашаган деген божомолдорду айтышат. Чоң көчө борбордук көчө болгондуктан, жашоочулар Чоң көчө деп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×