Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусуКемин району 22.04.2019 22:24 На русском

«Жеңеке»: 28 жаштагы А.Жузупова башкага үйлөнөт деп жаткан жигитке баш кошуп, 2 баланын энеси болду

Turmush -  28 жаштагы Азем Жузупова мугалимдик кесипти аркалап келет. Ал жолдошу менен фирмадан таанышып, аны менен бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Учурда бир уул, бир кыздын апасы. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«2013-жылы Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылына келин болуп келгем. Азыркы учурда жолдошум экөөбүздүн бир уул, бир кызыбыз бар. Жолдошум Бишкек шаарында иштейт. Ал эми өзүм айылда мугалимдик кесипти аркалап жатам.

Кайненем 57 жашта. Азыркы учурда неберелерин карап үйдө. Кайненем бар, ырысым бар дегендей, өзүмдү бактылуу айыммын деп эсептейм», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен кантип таанышып калганын айтып берди.

«Студент кезимде жолдошум бир фирмада нан бышыруучу болуп эмгектенчү. Жайкы каникулда мен дагы ошол фирмага кирип иштеп жүрдүм. Ошондо жолдошум Азамат менен таанышып калдым. Ал кезде «байке» деп кайрылчумун. Бир күнү Азаматты үйлөнөт экен, кыздын ата-энеси менен сүйлөшүптүр, баары даяр экен дешти. Мына үйлөнөт деп жатканда Азаматтын атасы кайтыш болуп калды. Баарыбыз бул кабарды угуп жаман болдук. Андан кийин бир топ күндөр өттү. Ошол маалда Азамат экөөбүздүн мамилебиз жакындашып кетти. Ал жумушка келбей калса, мага кызыксыз болуп, аны күтө берчүмүн. Ал жайдары көңүл, шайыр жигит.

Бир күнү айылга үйгө кеткем. Ошондо Азаматтан «шаарга келсең, сага айта турчу сөзүм бар» деп кат келди. Ошентип экөөбүз жолуктук. Ал мага кыз-жигит бололу деп сунуш кылды. Мен макул болдум да, экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Эсимде, анын эң биринчи берген белеги жумшак оюнчук болчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×