Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуЖумгал району 01.04.2019 12:45 На русском

Чычкандагы ажал: Жумгалдык айдоочу бир кырсыктан кутулуп, экинчисинде каза болду

Turmush -  Кечээ, 31-мартта Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа ала салып кетти. Бул тууралуу «Репортер» басылмасына окуянын күбөсү билдирди.

Аймактык кабарчы бул кырсыкка кабылган кишинин жакындары менен байланышууга аракет жасады. Маалым болгондой, аталган айдоочу Жумгал районунун Байзак айылында туулган 55 жаштагы А.Муратбек болгон. Ал көп жылдан бери күйүүчү май ташып иштеп келген. Ал кечээ Жалал-Абадга бара жаткан болчу.

Маркумдун кызы М.Айдайдын айтымында, атасы кырсыкка кабылган май ташуучу унаасынан чыгып, жолдон жеңил унаа тоскон. Бул унаа менен Токтогулдагы ооруканага бара жатканда жеңил унаа да жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен А.Муратбек каза болгон.

«Кырсыкка кабылган күйүүчү май ташуучу унаадан чыгып, жолдон жеңил унаа тосуптур. Ал унаанын ичиндегилер атамды Токтогулдагы ооруканага алып бара жатканда 500 метрден кийин эле "Хонда СРВ" унаасы жолдон чыгып, тоголонуп кеткен экен. "Хонда СРВ" унаасындагы жабыр тарткан жүргүнчүлөрдү тез жардам алып кеткен. Бирок тез жардам кызматынын унаасы жолдон бузулуп, атам ооруканага жетпей көз жумуптур.

22-мартта атамдын бир тууган иниси кайтыш болгон. Ошону ойлонуп кеткенби же уктап калганбы, айтор биз дагы билбей жатабыз», - деди маркумдун кызы.

Өздүк булактар билдиргендей, ушул жылдын 31-мартында кечки саат 20:45 чамасында Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 263-500-чакырымында Бишкек шаарынын 1963-жылы туулган А.Муратбек аттуу тургуну өзү жалгыз бир фирманын менчигинде турган май ташуучу унаанын чиркегичине 26 000 литр күйүүчү май жүктөп, Бишкек шаарынан Ош шаарын көздөй бара жатып, бурулуштан унаанын рулун башкара албай, Чычкан суусунун жээгине оодарылып кеткен. Анын кесепетинен А.Муратбек денесине оор жаракат алган.

Аталган окуяга күбө болгон Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 1998-жылы туулган А.Шамшарбек аттуу тургуну саат 21:00дө кырсык болгон жерден А.Муратбекти өзүнүн «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Токтогул шаарындагы ооруканага алып жөнөгөн. Бирок окуя болгон жерден көп узабай Бишкек—Ош унаа жолунун 264-300 чакырымында кооптуу бурулуштан рулду башкара албай жолдун сол бетине чыгып, жол-транспорт кырсыгына кабылган. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматынын унаасы келип, А.Муратбекти Токтогул шаарындагы ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок жабырлануучу жолдон каза болуп калган. Ал эми, аталган автоунаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү эч кандай жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×