Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуНарын району 29.03.2019 09:33

Жазгы айдап-себүү: Нарын районунда айыл чарба техникаларынын даярдыгы текшерилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунда үстүбүздөгү жылдын жазгы айдап-себүү жумуштарына карата техникалардын даярдыгын текшерүү максатында кароо өттү. Бул тууралуу райондун акими Семетей Черикбаев билдирди.

Маалым болгондой, район боюнча 387 трактор бар. Анын ичинен 277 трактордун абалы жакшы. Айдап-себүү жумуштарына техниканын 72 пайызы даяр.

«Үстүбүздөгү жылы жалпы 7949 га жер айдалат. Жалпы айдоого 389 670 литр май керектелет. Учурда 45 пайыз камсыз болдук. Нарын шаарындагы май куюучу бекеттерде дизелдик отундун баасы 44-30 сомдон сатылууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×