Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуНарын району 28.03.2019 12:35

Машыгуу: Нарын районундагы окуу жайда өрт чыкты (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага бир өрт өчүрүүчү жана авариялык куткаруу бөлүмчөсү тартылды. Алгач окуу жайда өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Дароо эле ыкчам топ жөнөтүлүп, окуу жайда окуган окуучулар менен кызматкерлер коопсуз жерге чыгарылды.

Окуу-машыгуунун максаты — өрттүн алдын алуу жана адам өмүрүн, материалдык баалуулуктарды сактап калуу. Бул машыгуу маалында 30 адамдын өмүрү сакталып, экинчи кабатта калган эки адам өрттөн куткарылды. Машыгуунун соңунда аталган окуу жайдын кызматкерлерине өрттүн алдын алуу боюнча маалыматтар берилип, өрт өчүрүүчү шаймандар менен тааныштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×