Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.03.2019 08:25 На русском

Манжаларын балталаганы үчүн атылган жоокер... Бир учурда эки жан алынган темир жолдогу окуя

Turmush -  Согуштун катышуучусу, маркум Турар Сейитбаевдин согуштагы коркунучтуу, кайгылуу окуялары туурасында жээн небереси Максатбек Ынакбеков аймактык кабарчыга айтып берди.

Турар Сейитбаев 1923-жылы 10-майда Тоголок Молдо айылында туулуп, 4 жашында жетим калган. Аталаш тууганы Тилек уулу Намасбектин, 7 жашынан тарта чоң атасы Букарбайдын колунда чоңоёт. 1937-жылы Букарбай кайтыш болуп, атасынын бир тууганы Жусупбайдын колуна барат. 1933-жылы Тоголок Молдо айылындагы мектепте 5 жыл, кийин Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылындагы Сталин атындагы орто мектепте 3 жыл билим алган. 1942-жылдын 12-декабрь күнү Өзбекстандын Термез шаарына аскерге жөнөтүлөт. Ал жерден тынымсыз согушка даярдык көрүшүп, 1943-жылы 23-январда Термез шаарынан Москваны көздөй өзү курдуу балдар менен согушка аттанып кеткен. Согуштан 1946-жылы 25-декабрь күнү кайтып келип, 1948-жылы Макеш Ынакбековага баш кошуп, 3 кыз, 3 уулдуу болушат. Бирок 22 жылдан кийин, 1970-жылы жубайы катуу оорудан каза болот. Балдары жаш калат. Кийин Саткынбүбү Кожомжаровага үйлөнгөн.

Турар ата 2004-жылы 12-октябрь күнү каза болгон. Ал согуштагы окуяларын Максатбек Ынакбековго айтып берген.

Поездге тебеленген жоокер, атылган аскер

- 1943-жылдын 28-январь күнү Россияны көздөй поезд менен жөнөгөн Турар ата согуш майданына жете элек кезде 2 жоокердин өлүмүнө күбө болот. Россиянын Рязань темир жол станциясына күн батар убакытта токтоп калышат. Абдан чоң станция экен. Күн-түн дебей тынымсыз жол жүрүп келген жоокерлер поездден түшүшөт. Ошол маалда кайнак суу алууга чуркап бара жаткан бир жоокер катуу ылдамдыкта келе жаткан поездге урунуп, поезддин дөңгөлөктөрүнө кыпчылып калып өлөт. Акырындап барып ал поезд дагы токтойт. Өлгөн жоокерди алып чыгышып жайына койгондон соң, жоокерлерге поездге түшүүгө буйрук берилет. Аскерлер поездге толук түшкөндөн кийин аларды толуктап, эсептешет. Ошондо Турар ата менен бирге жүргөн бир жоокер жок болуп чыгат. Ал жоокерди издешип, бир топко чейин поезд жүрбөй токтоп турат. Бир убакытта ал жоокерди бир колу ак чүпөрөк менин таңылуу бойдон таап келишет. Жоокерлерди алып бара жаткан генерал-майор келип, баягы колу таңылган жоокерди текшерип, жыйынтыгында сол колунун беш манжасын балта менен чаап салгандыгын далилдешкен. Ошол эле жерден ал жоокерди «эл душманы», «согуштан калып калуунун амалын издеп, атайын манжаларын балта менен чаап салган» деп күнөө коюшкан жана «атылсын» деген чечим кабыл алынып, дароо эле атып салышкан экен.

Харьковдогу кармаш. Душмандардын курчоосунда калган 15 күн

- Украинадагы катуу согуш болуп жаткан жерден жүрүп отурушуп, Дон дарыясынын жээгиндеги согушта талкаланып калган чоң шаарга келип токтошот. Кымгуут болуп, шаар четиндеги калың токойго киришет. Жөө аскерлер токойдун ичинен чыгып, күн-түн дебей, эч тынымсыз чоң кара жолго түшүп, 10 күн дегенде Бельгород, Харьков шаарларынын алдында коргоого турушат. 1943-жылдын май айында немис баскынчылар менен айыгышкан кармаш жүрүп, немистердин курчоосунда калышат. Арттан кошумча армия, тамак-аш келбей, ачарчылыкка учурашат. 15 күн дегенде араң арттан армия келип, немистердин курчоосунан бошотуп кетишет. Ошол учурда орусча, кыргызча, башка улуттардын тилинде жазылган баракчаларды немистер учактары менен үстүнөн чачып кетип турушкан. Чачылган баракчалар күздө жерге түшкөн жалбырактардай эле болгон. Ал баракчаларда, «Советтер союзунун аскерлери! Силер эмне куурап согушуп жүрөсүңөр? Бизге качып келгиле. Жыргал турмуш куруп беребиз» деген сыяктуу чакырыктар экен. Мына ушундай чакырыктарга азгырылган айрым ниети бузук жоокерлер, командирлер немистерди көздөй кача баштаган. Бир фронтту жетектеген Власов деген командир немистерди көздөй качып кеткен. Ошондо аскерлер катуу көзөмөлгө алынып, немистерди көздөй кетүүгө аракет кылган бир топ жоокерлер атылган.

Токойдун ичинде кырылган фашисттер

- 1943-жылдын 5-июль күнү түшкө жакын ротанын аскерлери Дон дарыясынан өтүп, калың токойго кирип, күн батыш тарапты көздөй бет алышат. Бир убакта жашы 8-9 чамасындагы бала чыга калып, «Братцы, братцы!» деп кыйкырып ыйлап жетип келет. Аны кармап алган ротанын майору, офицер суракка алат. Бала ыйлап жатып болгон окуяны баштан аягынан чейин айтып берет. Көрсө, немистер Украинанын айылындагы ушул курактагы жаш балдарды чогултуп алып, Советтер союзунун аскерлери кайсы тарапта келе жаткандыгын толук билип келесиңер деп жөнөтүшкөн экен. Жаш бала немистердин аскерлери токойдун кайсы жеринде жайгашып жатканын айтып берет. Баланын айтканы менен немис аскерлери жаткан тарапты көздөй чабуул жасап жөнөшөт. Бир убакытта ротанын командири «Аткыла!» деген буйрук берип, аскерлер немистерди көздөй жабыла аткылап киришет. Жамгырдай жааган октон улам немистер тартаңдап чуркап качып жөнөшөт. Бирок ага карабастан немистерди көздөй атылган октор тынбайт. Ошол жамгырдай жааган октон немистин баары кырылат. Айрымдары жарадар болуп онтоп жатышкан экен. Аларды автоматтардын кундагы менен уруп, айрымдарын өпкөгө тээп өлтүрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×