Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуЖумгал району 02.04.2019 16:31 На русском

Өзгөчө ысым: Жумгалдык М.Көчкөналиев уул-кыздарына 18-20 тамгадан турган ысымдарды ыйгарган

Turmush -  Максат Көчкөналиев 1975-жылы Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. Айылдык мечитте балдарга араб тилинен сабак берет.

1995-1999-жылдары Ислам институтунда билим алган. Билими орто. Үй-бүлө күткөнүнө 20 жылдын жүзү болгон. Учурда 5 баласы бар: 1 уул, 4 кыз.

Улуу баласынын атын СаидАхмедАли койгон. Андан кийинки кызынын аты Хуржибек, 2-кызы МиноварХуррамАннабия, 3-кызынын аты МусавирМуизаХадийя, ал эми 4-кызынын аты НаазиятЖаазияФусилат.

«Менин балдарымдын аттары көбүнчө Курандан алынган ысымдар. Мисалы, эң кичүү кызым — НаазиятЖаазияФусилат. Бул Куран китептен алынган. Наазият деген 46 аяттан, Жаазия деген 37 аяттан, Фусилат деген 54 аяттан турган сүрөө. Ысымы 3 башка маанини түшүндүрөт. Наазият — бул периштелерге ант деген маанини берсе, Жаазия — Аллахка тизе бүгүүчүлөр деген маанини, ал эми Фусилат — иреттүү баян деген маанини түшүндүрөт. Кененирээк маалымат алуу үчүн Куран китебин окууга туура келет», - деди М.Көчкөналиев.

Ал райондук ЖААКтан балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда ысымдары документтин кагазына батпай, кызматкерлер кыйналышканын айтты.

«Жумгал ЖААКтан балдарыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда кызматкерлер аябай таң калышчу. Күбөлүккө аттарын толук батыра албай араң жазган учурлар болгон. Андай окуялар азыркы учурга чейин болуп келет. Айыл өкмөттөн маалым кат алган учурларда кыздарымдын ысымынан каталар көп эле кездешет. Эми паспорт алганда аттарын толук жазышабы, билбейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×