Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуЖумгал району 25.03.2019 09:35 На русском

Видео: Н.Сапаралиев 7 жылдан бери ээн капчыгайда дары чөптөрдү чогултуп, жалгыз күн көрүүдө

Turmush -  53 жаштагы Нурлан Сапаралиев Нарындын Миң-Куш менен Кабак айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы ээн капчыгайда жалгыз жашап, дары чөптөрдү терип күн кечирип келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Миң-Куш айылына бара жаткан жолдо тоодон түшүп, жээкке туруп калган чоң таш бар. Ал чоң таш жүргүнчүлөргө эстеликтей элес калтырат. Ары-бери өткөндөр ал жерде эстеликке сүрөткө түшүп өтүшөт. Дал ушул аймакта сарай тибинде салынган, электр жарыгы жок жалгыз үй бар. Нурлан Сапаралиев бул үйдө жашап жатканына 7 жылдын жүзү болду. Бул капчыгайда эчки багып, Эмел, Кырчын, Бозтон-Кайым, Соң-Көл, Миң-Куш аймактарынан дары чөптөрдү терип кургатып күн көрөт.

«Бул жерде жалгыз жашайм. Мал-жандык бар, согон, ышкын өсөт. Тоонун түбүндө текенин сүрөттөрү бар таштар көп. Дары чөптөрдүн түрүн чогултам. Дартка даба дары чөптөр тоо этектерде жана адам баспаган аймактарда көп. Сары чай чөп, шалфей, чие жана анын тамыры, каакым-кукум, бака жалбырак, шыбак тамыры, сабагы төшөлгөн кымыздык чөп, ит сийгек сыяктуу чөптөрдү чогултам. Алар нерв системасынын начарлашына, уйкусу качкандарга, эпилепсия, геморрой, эркектердин алсыздыгы жана башка дарттарга даба чөптөр.

Чөптөрдүн териле турган убактысы бар. Өз мезгилинде териш керек. Мен өзүм такыр дары колдонбойм. Эгер сыркоолоп калсам жалаң чөп менен дарыланам. Азыр көбү менден эркектердин алсыздыгына дары чөптөрдү сурашат. Ага чие чөбү жана анын тамыры даба. Аны атайын даярдап, анан колдонууну сунуштап келем. Анан аялдардын оорусуна каршы дары чөптөрдү көп сурашат. Ошондой эле нерв системасына доо кеткендер, ичеги ооруларына дары чөптөрдү сурап кайрылышат.

Атам Иманкан Сапаралиев жалаң дары чөптөр менен элди көргөн киши болгон. Анын өмүрү ушул тоолордо өттү. Мен бул өнөрдү таштабайм. Өткөн жылы 30дан ашык адам кайрылган. Аларды тизмекке алып, дартына жараша даба чөптөр менен дарыладым. Мен «мынча бер, тигинче бер» дебейм. Болгону өздөрүнүн каалоосу менен акы беришет. Эмгекти баалагандар бар, кыйналгандары бар. Мен көбүнө жардам гана берем», - деди ал.

Каарманыбыз буга чейин ушул капчыгайда иниси жашаганын, бирок ал ден соолугуна байланыштуу Токмокко көчүп кеткендигин айтып берди.

«Бул жакта иним турчу. Ал ооруп калып, мен келгем. Пенсияга чыгарыма 2-3 жыл калды. Пенсияга Миң-Куш айылынан чыгам, тоолуу аймак катары эрте чыгат экенбиз. 3 балам бар болчу. Экөө кайтыш болуп кетти. Азыр 1 уулум Бишкекте үй-бүлөсү менен жашайт. Экинчи келинчегим Токмокто. Кызыбыз 3 жашка чыгып калды. Алар келип жашаганга бул жерде шарт жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×