Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуНарын району 25.03.2019 09:09 На русском

Элдар Ырысбек уулу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтүп, анда 4 талапкер ат салышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга БШКнын Нарын районундагы өкүлү Б.Өмүралиев билдирди.

Маалым болгондой, шайлоого жергиликтүү кеңештин 11 депутаты толук катышты. Депутаттардын алты добушуна ээ болгон Ырысбек уулу Элдар Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал эми башка талапкерлер — Элдияр Күнтуганов 1, Сабырбек Абдылдаев 4 добушка ээ болсо, Кубанычбек Кадыркулов депутаттардын колдоосун таба алган жок.

Ырысбек уулу Элдар 1986-жылы Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында төрөлгөн. 2005-жылы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебин аяктагандан кийин Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экология факультетинде жогорку билимге ээ болгон.

2012-2014-жылдары Нарын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында социалдык кызматкер болуп иштеген. 2014-2015-жылдары Бишкек шаарындагы Айыл чарба министрлигине караштуу кыргыз биофабрикасында башкы адис болуп эмгектенген. Акыркы мезгилде жергиликтүү кеңештин депутаты болуп турган.

Төрт бир туугандын экинчиси. Үй-бүлөлүү бир уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×