Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуЖумгал району 21.03.2019 18:36

Нооруз-2019: Куудул Борончунун иниси — Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы токулган атты сынады

Turmush -  Жумгал районунун 13 айыл өкмөтүндө Нооруз майрамы белгиленип, дасторкон жайылып, элге сүмөлөк берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондун борбору Чаектеги иш-чараны райондун акими Адыл Сапаров ачып, жергиликтүү тургундарды майрамы менен куттуктады.

Эки боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар боюнча жармаңке уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн сынагы да өткөрүлдү. Ошондой эле иш-чара спорттук иш-чаралар, концерттик программалар менен коштолду.

Райондун Миң-Куш айылында ат чабыш, көк бөрүдөн мелдеш өтсө, Чоң-Дөбө, Түгөл-Сай айылдарында да тургундар үчүн майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Чоң-Дөбө айылы

Миң-Куш айылы

Түгөл-Сай айылында бир нече сынак болуп өттү. Алардын бири — ат жабдыктарын тааныштыруу жана атты токуу сынагында аттын туура токулгандыгын билүү максатында комиссия мүчөлөрү бир атты айыл өкмөт башчысы Рысбек Кудайбергеновго мингизип көрүшкөн. Ал атты минип, өзүнүн баасын берген.

Рысбек Кудайбергенов куудул Борончу Кудайбергеновдун иниси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×