Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 21.03.2019 15:41

Нооруз-2019: Нарын шаарында 4 казанга 500 литр сүмөлөк бышырылды (сүрөт)

Turmush -  Нооруз майрамы Нарын шаарында маданий иш-чаралар менен коштолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чараны Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ачып, шаар тургундарын майрамы менен куттуктады. Андан соң өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Жанышбек Ибраимакун уулу куттукташып, тынчтык болсун деп тилек кылышты.

Шаардын маданият кызматкери Гүлайым Эргешованын айтымында, быйыл 40 кг буудай өндүрүлүп, 4 казанга 500 литр сүмөлөк бышырылды. Сүмөлөк жалпы шаар тургундарына таратылды. Мекеме-ишканалар арасында ыр кесе да уюштурулган.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө театралдаштырылган оюн-зоок программа тартууланып, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×