Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 21.03.2019 14:46

Ат-Башыда Нооруз майрамы эмне менен аяктады? Сүрөт

Turmush -  Ат-Башы районунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маданий иш-чараны райондун акими Жакыпбек Субагожоев ачып, район элин майрамы менен куттуктады. Андан соң, окуучулар кыймыл-аракеттери менен Нооруз сөзүн чагылдырып, жөө жүрүшкө чыгышса, бийчилер ар улуттун бийлерин тартуулашты. Маданият кызматкерлери өздөрүнүн концерттик программасын келген меймандарга, тургундарга тартуулашты.

Ат-Башынын спорт комитети спорттук оюндун 5 түрүн уюштуруп, баш байге үчүн Ат-Башы айыл өкмөтү 10 миң сом бөлгөн. Ошондой эле 3 мекеменин кызматкерлери сынакка дасторкон даярдап келишкен. Анын жыйынтыгында 7 улуттун тамагын жана Нооруз деген салат жасагандыгы үчүн Ат-Башы райондук балдардын билим берүү борбору 1-орунду алды. 2-орунду райондук китепканасы жана райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгы камсыздашты.

Ошондой эле аянт аласталып, тилектер айтылды жана элге сүмөлөк таратылды. Ал эми райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турушту.

Иш-чаранын соңунда борбордук аянт таштандыга толуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×