Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусуПанфилов району 21.03.2019 08:23 Жаңыланды: 21.03.2019 13:01

Бир жылда күйөөсүнөн жана уул-кызынан ажыраган Айниза апанын тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Күрпүлдѳк айылынын 81 жаштагы тургуну Айниза Тойгулова мындан 39 жыл мурун жолдошунан жана бир уул, бир кызынан айрылып калган. Ал 6 баласын чиедей кезинде жалгыз ѳстүрүп, үй куруп, эненин дагы, атанын дагы милдетин аткарды.

«Сакмалда талыкпай эмгектендим. Мындан сырткары музоо багып, кызылча айдадым. 1958-жылы ушул Күрпүлдѳк айылынын тургуну Турсунбекке турмушка чыккам. Экѳѳбүз туура 22 жыл бирге жашадык. Сегиз баланын ата-энеси болдук. Тилекке каршы абышкам 1980-жылы каза болуп калды. Ошол эле жылы бир уул, бир кызымдан айрылдым. Андан кийин да 2 балам каза болуп калды. Балдарым менен жаш калып, үйдү ѳзүм жалгыз тургуздум. Азыр каза болгон кичүү улумдун баласы (неберем) менен турам.

Үйүбүздүн эскилиги жетти. Ал дагы мени менен кошо карып калды. Дубалдарынан жарака кетип, пайдубалы чѳгүп бара жатат. Качан үстүбүзгѳ кулап түшѳт деп коркобуз. 1990-жылы жер титирегенде дубалдарынан жарака кеткен. Эптеп шыбап, жамап койгом. Болбой эле жылдан жылга ажырап бара жатат. 7 миң сом пенсия алам. Бирок азыркы күндѳ ал деле эч нерсеге жетпейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×