Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусуКемин району 21.03.2019 08:11 Жаңыланды: 21.03.2019 10:23 На русском

«Ии, кармалдыңбы?»: Кайын атасын мурдунан чойгулаган Замира жеңенин окуясы

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынын 33 жаштагы тургуну Замира Тентимишова айылда өткөн «Жаздын жыты — аялзат» сынагына активдүү катышкандардын бири. Ал аймактык кабарчыга сынак тууралуу жана өзүнүн келиндик доордогу кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Мындан 11 жыл мурун ырчы Алина Жетигенова биздин Ак-Бекет айылыбызга концерт коюп келип калды. Ошондо концерт учурунда жолдошум экөөбүз таанышып калганбыз. Чогуу жашап келе жатканыбызга 11 жыл болду», - деди ал.

Бир күнү жолдошум экөөбүз кубалашмак ойнодук. Ага такыр жетпей койдум. Эмне кыларымды билбей, бир амал ойлоно баштадым. Кечке маал болуп калган. Кемегенин жанында бирөө отурганынан жолдошум экен деп ойлодум. Аркасынан акырын барып, мурдун чойгулап, "ии, кармалдыңбы?" десем эле кайын атам экен. Эмне кыларымды билбей коркуп да, уялып да кеттим. Жолдошум келип, жаны калбай шылдыңдап каткырды. Ошол кезде көпкө жаман болуп жүрдүм. Кийин ал күлкүлүү окуя болуп калды», - деди ал.

Замира Тентимишова: «Айыл аймагыбызда өткөн "Жаздын жыты — аялзат" айымдардын сынагына биздин айыл өкмөттүн кызматкерлеринен куралган команда дагы катышты. Команданы 6 айым түзүп, "Эне мээрими" деп атадык. Сынакка 1 жума катыштык», - деди.

Каарманыбыз жолдошу менен 4 кызды тарбиялап жатышат.

«Алгач Бишкек гуманитардык университетинен мамлекеттик башкаруу боюнча билим алсам, кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен мектепке чейинки педагогика жана психология боюнча билим алдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×