Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Нарын облусуКочкор району 18.03.2019 12:01 Жаңыланды: 14.04.2019 12:01

Айыл турмушу: Кочкорлук М.Кожоев устачылык өнөрдү аркалап, айылдаштарына кызмат көрсөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну Майрамбек Кожоев устачылык өнөрдү аркалап, айылдаштарына кызмат көрсөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 4 жылдан бери Адырбек Бейшеев менен устаканада чогуу иштеп келе жатышат. Айыл тургундарынын гана эмес, райондогулардын техникаларын оңдоп, тиричилик буюмдарын жасашат. Бул жумушка коңшуларынын суроо-талабы көп болгондуктан келип калган.

«Минтип темирге экинчи өмүр берип, уста болуп калам деп эч ойлогон эмесмин. Өзүмө кол араба керек болуп калды. Кошунамдын темир ширеткичин алып келип иштеп көрдүм. Ошентип араба жасап алдым. Менин арабамды көргөндөр жактырып, «жасап бер» дегендер көбөйдү. Кошунамдын темир ширеткичин сурасам бербей койду. Өзүм ширеткич, темир кескич сатып алып, буюртмаларды ала баштадым. Ошентип ишим уланып кетти», - деди ал.

Азыр дарбаза жасоону да үйрөнүп, буюртма алып жатат.

«Темирден чиркегич, дарбаза жана башка керектүү буюмдардын баарын жасайм. Жумуш ар дайым болуп турат. Себеби жакында жазгы кош айдоо башталса, күзүндө оруп-жыюу иштери башталат. Кышында көмүр тарткан «КамАЗдарды» оңдойбуз. Жумушта ар кандай учурлар болот. Кээ бир кардарлар буйрутма берип коюп, даяр болгондон кийин албай коёт. Айрымдары карызга алып кетишип, кайра кайрылып келбей коюшат. Айрым кардарларга арзандатып жасап берүүгө туура келет», - деди Майрамбек уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×