Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусу, Нарын 14.03.2019 17:00

Ачкачылыкты токтоттук, - Нарында нааразычылык акцияга чыккан соодагер

Turmush -  Нарын шаарында борбордук аянтта нааразычылык акциясына чыгып, кийин ачкачылык жарыялаган айрым соодагерлер аталган акцияны токтотушканын аймактык кабарчыга соодагер Бурул Исраилова билдирди.

11-мартта чогулгандар эртең мененки саат 10:00дөн баштап болжол менен түнкү саат 01:30га чейин аталган аянтта болушту. Андан соң 12-мартта кайрадан аянтка чогулушту. Алар Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасы тарабынан соода күркөлөрүнүн алынышына жана талаптары аткарылбай жатканына нааразы болушкан эле.

«Биз өткөндө ордубузду алдырганыбызга нааразы болуп ачкачылык жарыялаганбыз. Облус башчысы Аманбай Кайыпов, шаар мэри менен жолугуп, алар мыйзам бардык адамга бирдей дегенинен макул болуп ачкачылыкты токтоттук. Алар бизге мыйзамсыз жайгашкан бардык жайларды алабыз деп жатышат. Мыйзамсыз курулган жайлар чынында көп. Эгерде мыйзамсыз курулуштар алынбай калса, кайра өзүмдүн ордума барам. Азырынча бийлик адамдарына ишеним артып, күтүп отурабыз. Алар бир ай аралыгында мыйзамсыз күркөлөр алынат деп жатышат»,- деди Б.Исраилова.

Тема боюнча: Нарында мыйзамсыз күркөлөрдү алуу иштери улантылууда (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×