Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусу, Нарын 14.03.2019 15:34

Элет көйгөйү: Нарын шаарындагы Алма-Бактын тургундары сууну алыс жерден ташып ичишет (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын Алма-Бак аймагындагы 25-30дай түтүн сууну бир топ аралыктан ташып келип ичишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган аймактын тургундары билдиришти.

Алма-Бактын тургуну Урия Исмаилбекованын айтымында, бул аймакка суу түтүгү тартылып келген эмес.

«Кой үстүндө торгой жумурткалаган күндө таза сууга жетпей, бир топ алыс жерден ташып жатабыз. Суу болсо чоң жолдун жээгинде биз жашаган аймактын төмөн жагында жайгашкан. Балдарыбыз чоңоюп кеткендиктен улуу муундагы пенсионерлер калып, сууну ташып келип ичүүгө аргасыз болуп жатабыз. Мурда суу чыгарылып жаткан учурда биз жакка жетпей калган. Кийин бул боюнча көп кайрылуу жасадык. Бүгүн-эртең чыгарабыз, суу тартып беребиз деп эле эч майнап чыкпай келет. Өзгөчө мага окшогон пенсионер, жашы өтүп калган адамдар үчүн төмөндөн жогору жакка суу ташуу бир топ машакаттуу», - деди Урия Исмаилбекова.

Ушул эле аймактын тургуну Сабира Султаева таза суу чыгарып берүү боюнча кайрылууларга жооп болбой келерин билдирди.

«Ушул жерде 30-35 жылдан бери жашайм. Союз маалынан бери тиешелүү жактарга таза боюнча кайрылып келе жатабыз. Акыркы 5 жылда эле бир нече мэр алмашты. Алар "мына-мына акча которулду. Таза суу тартылат, чыгарып беребиз" деп эле айтып келишет. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке чейин кат менен кайрылдык. "Силердин маселени жергиликтүү бийлик чечет" деп жооп беришет. Ал эми Нарын шаарындагы "Суу канал" ишканасына кайрылсак, "силердин жашаган аймак бийик болгондуктан суу чыгышы кыйын, үмүтүңөрдү үзө бергиле" деп айтышты. Шаар бийлиги "ар бириңер 100 миң сомдон чыгаргыла, суу чыгат" дейт. Биз пенсионерлер 100 миң сомду таба албайбыз. Жергиликтүү фонддон же эл аралык уюмдардын каражаттарына суу тартып чыгарып беришсе болот эле. Чынында карыган адамдардын суу ташып келиши кыйын», - деди С.Султаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×