Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуАт-Башы району 14.03.2019 09:33

Жаш талант: Мектеп окуучусу К.Нарынбеков элеттиктердин тоюнда тамадалык кылып келет

Turmush -  18 жаштагы Кайрат Нарынбеков ырдап, бийлеп, комуз чертип, маданий сынактарда ийгиликтерди жаратып келет. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Кайрат Нарынбеков 2001-жылы Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында туулган. Учурда Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

«Биз болгон өнөрүбүздү көрсөтүп, айылдык таланттардын катарында келе жатабыз. Талантым мектептен башталды. Райондук деңгээлдеги сынактарга катышам. Окуудан сырткары чыгармачылык менен алектенем. Пародияларды жазабыз», - деди ал.

Кайрат Нарынбековду жердештери «Артист» деп чакырышат.

«Айылда мага "Артист" деген ат коюп коюшкан. Күзүндө тойлордо тамада болуп, элдин керегине жарап жатам. Тойдон акча талап кылбайм. Бирок ырымдап беришет. Мектепти бүткөндөн кийин музыкалык окуу жайга барып, андан ары чыгармачыл адам болууну көздөп жатам. Комузда ойнойм. Универсал талантмын. Ырдайм, тамашоуго катышам. Бизде атайын бий тобубуз бар. Анда да бийлеп жүрөм. Асек Токтосопиев деген чоң атам чоң казалчы адам болгон. Ошондуктан чыгармачылыкка жакынмын го деп ойлойм. Ат-Башы районунда таланттар көп, алардын арасынан суурулуп чыгуу кыйын. Актерлук багытка жаңыдан гана киришип жатам десем болот. Мектептен аракет кылып тасма тартабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×