Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусу, Нарын 14.03.2019 08:53

Нарында өзгөчө кырдаалдын алдын алуудагы техникалык даярдыктар текшерилди

Turmush -  Нарында шаардык жана райондук мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу машыгууларынын алкагында инженердик-техникалардын саптык кароосу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага облус жетекчиси жана жарандык коргонуунун башчылары катышты. Облустук жарандык коргонуу штабдын мүчөлөрү техникалардын даярдыгын карап чыгышты. Ар бир кызматтын башчылары даярдыктары боюнча рапорт берип, саптык даярдыктын жүрүшүндө кемчиликтер айтылды. Ошондой эле алдыда аткарыла турган иштер жана буга чейинки аткарылган иштер туурасында маалыматтарды беришти.

Иш-чарага ЖКККБнын кызматкерлери, күч структуралары, санэпидемстанция, экотехинспекциянын өкүлдөрү жана башкалар да катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×