Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуКочкор району 13.03.2019 17:38

«Эндик көргөн бет эмес...»: Кара-күңгөйлүктөр тамырдан акча табууну көздөгөндөр жайытты казып жатканын айтууда

Turmush -  Кочкор районунда эндик аттуу чөптүн тамырын издегендер тоодогу жайыттарды, талааларды казып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Күңгөй айылынын жашоочулары маалымдашты.

Айыл тургундарынын айтымында, бул көрүнүштүн кесепетинен аталган чөп жоголуп, ал тургай жанында өскөн чөптөр да казылып, жаратылыш жабыркап, жайыттар эрозияга учурашы мүмкүн.

«Эндик чөбүнүн тамырынын килограммы 450 сомду түзөт экен. Көл менен чектешкен Кара-Тоо деген тоо бар. Ошол тоого келгендер жайыттарды казып жатышыптыр. Бул тоо Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылына тиешелүү. Мындай иштер улана берсе бир кезде кызыл колтук бакалар жоголгон сыяктуу бул чөптүн түрү, аны менен кошо жанаша өскөн чөптөр жоголуп кетиши ыктымал. Ошондуктан экологдор, жайыт комитеттери азыртадан чара көрүшү керек», - деп билдиришти тургундар.

6fc0c7d2058e87f23b60f265bd8d

Кыргыздар эзелтеден эле эндиктин куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары колдонушкан. Бетине кам көрбөгөн кыздарга «Эндик көргөн бет эмес, эне көргөн кыз эмес» деп баа беришкен.

1621cc190eeac2f472fa3a08e1e3

Эндик көп жылдык катуу, түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу болот. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да көп. Гүлү тыгыз жайгашып, топ гүлдү түзөт. Гүл коргону беш бөлүктүү, жедекчеси түтүкчөлүү. Мөмөсү — жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү болсо, анын үчөө Кыргызстанда өсөт. Боёочу эндик республиканын тоолорунун таштак беттеринде, аска-зоолордун жаракаларында кенен таралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×