Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуАк-Талаа району 13.03.2019 15:13

Ак-Талаада 1 байталды жем кылып, дарыя аркылуу качкан карышкыр атылды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында 1 карышкыр атылгандыгын айыл өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 12-мартта мергенчи Шайлообек Осмонов тарабынан Ак-Тал токоюнан 1 карышкыр жок кылынган.

«Бул карышкыр Тоголок Молдо айылынан 1 байталды (3 жаштагы ургаачы жылкы) жептир. Аны көрүп калган адамдар карышкырды кубалашат. Бирок, ал Нарын дарыясын кечип, качып кеткендигине байланыштуу биздин мергенчилерге кабар берилет. Биздин мергенчилер карышкырды токойдун ичинен атып алышты. Бул карышкыр 15 жолу кар басыптыр (15 жыл жашаган) деп айтышты», - деди Э.Сатаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×