Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусу, Нарын 13.03.2019 14:23

Нарындагы жетекчи мырзалар айымдар тууралуу ойлорун ортого салышты (сүрөт)

Turmush -  7-мартта Нарын шаарында «Мырзалар айымдар жөнүндө эмне дейт?» деген темада жетекчи мырзалар арасында интеллектуалдык маек болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, маек TEDх форматында өтүп, ага Нарын облусундагы улук сот кызматкери Эмиль Жунусалиев, Нарын казыятынын алдындагы балдар медресесинин мүдүрү Баатыр Жакыпов, Борбордук Азия университетинин профессионалдуу жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин директору Нурбек Нишарапов, Кызыл жарым ай коомунун Нарын облусундагы өкүлү Максат Жолдошбеков жана Нарын жаштар кеңешинин төрагасы Талант Ниязбеков спикер конок катары чакырылган. Алар аялдардын коомдогу орду тууралуу айтып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле талкуу жүрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчи мырзалар апаларына, эже-карындаштарына, жубайларына телефон аркылуу байланышка чыгып, жылуу сөздөрүн арнашты.

Ошондой эле бул талкууга активдүү катышып, кызыктуу суроо узаткан жаштарга спикер коноктор өздөрүнүн алып келген белектерин беришти. Ал эми конок жетекчилерге уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

Бул иш-чара «DREAM» жаштар долбоору, Жаштарды өнүктүрүү институту жана Нарын жаштар ордосунун ыктыярчы жаштары тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×