Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАк-Талаа району 13.03.2019 13:25

Ак-Талаа райондук ооруканасына 2 жаш дарыгер келди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасына депозит аркылуу сырттан 2 жаш дарыгер келип иштей баштагандыгын райадминистрациянын адиси Элмира Токтогулова аймактык кабарчыга билдирди.

Райондук аймактык ооруканага И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын окуп бүтүргөн акушер-гинеколог Эльвира Алыбаева жана жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Акмарал Зикирияева келип, элге кызмат көрсөтүп жатышат.

Жаңы келген жаш дарыгерлерди район акими Нурбек Молдокадыров кабыл алып, аларды элдин саламаттыгына камкор болууга, таза жана так иштеп берүүгө чакырды. Ошондой эле, аларга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтөрүн жана турак жай менен камсыздоо, тиешелүү шарттарды түзүп берүү иштерин колго аларын убада кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×