Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусу, Нарын 13.03.2019 12:59

Рейд: Нарында спирт ичимдигин ичип, автоунаа башкарган 9 айдоочу кармалды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун аймагында 4-марттан 12-мартка чейин Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Күңүрттөө» аталыштагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККБнын штабынан билдиришти.

Рейд убагында бузуу боюнча 257 протокол түзүлдү. Анын ичинен автоунаанын айнегин караңгылаткан 3 айдоочу, спирт ичимдигин ичип автоунаа башкарган 9 айдоочуга протокол түзүлүп, 12 автоунаа атайын айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×